УКМК төрагасынын үч орун басары кызматынан бошотулду. Ысымдары
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлары ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, төмөнкү жетекчилер кызматтан алынды:
- УКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов Курванбек Рахманович;
- УКМК төрагасынын орун басары – Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору Рысалиев Даниэл Ормонбекович;
- УКМК төрагасынын орун басары – Антитеррордук борборунун директору Сманов Элизар Мухамедкулович.
Эскерте кетсек, бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да кызматтан кеткен.
