Ысык-Көлдөгү “Кырчын” турбазасы мамлекетке кайтарылды
Башкы прокуратура
17 март

Ысык-Көлдөгү “Кырчын” турбазасы мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кырчын капчыгайында жайгашкан “Кырчын” турбазасынын мүлктүк комплекси 1997-жылы жеке жана юридикалык жактарга мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуу менен берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 501,0 млн сомду түзгөн “Кырчын” турбазасынын мүлктүк комплекси жана ага тийиштүү болгон аянты 11 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.