Кыргызстанда фермерлер 5 млрд сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берилди
Кыргызстанда «Айыл чарбасын каржылоо – 14» долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Долбоор дыйкандарды колдоого багытталган.
Анын алкагында 2 млрд 448 млн сом көлөмүндөгү жеңилдетилген насыя жылдык 6 пайыздык чен менен 36 айлык мөөнөткө «АБанк» жана «Элдик Банк» ААК аркылуу берилген.
Бүгүнкү күнгө карата долбоордун алкагында жалпы 7 694 насыя берилип, алардын жалпы суммасы 5 млрд 74 млн сомду түздү.
Анын ичинен: «АБанк» ААК аркылуу:
- Жалпы 2 млрд 465,8 млн сом өлчөмүндө 3 750 насыя берилди;
- Өсүмдүк өстүрүү багыты боюнча – 263,6 млн сом (512 насыя);
- Мал чарбачылыгы боюнча – 2 млрд 165,2 млн сом (3 204 насыя);
- Сууну үнөмдөөчү технологиялар боюнча – 37,0 млн сом (34 насыя).
«Элдик Банк» ААК аркылуу:
- Жалпы 2 млрд 608,2 млн сом өлчөмүндө 3 944 насыя берилди;
- Өсүмдүк өстүрүү багыты боюнча – 163,5 млн сом (303 насыя);
- Мал чарбачылыгы боюнча – 2 млрд 423,5 млн сом т(3 624 насыя);
- Сууну үнөмдөөчү технологиялар боюнча – 21,2 млн сом (17 насыя).
«Айыл чарбасын каржылоо – 14» долбоору айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жеңилдетилген каржы ресурстарына жеткиликтүүлүгүн камсыздап, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана сууну үнөмдөөчү технологияларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө. Бул демилге өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана агрардык сектордун туруктуу өсүшүнө олуттуу салым кошууда.
