Башаламан соода-сатык менен күрөшүү. Кыргызстандын аймагында рейд жүрүүдө
19 сентябрь

Башаламан соода-сатык менен күрөшүү. Кыргызстандын аймагында рейд жүрүүдө

Кыргызстандын аймагында жол жээктеринде мыйзамсыз башаламан соода-сатык жүргүзгөндөргө карата рейд жүрүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө күйүүчү майлоочу майларды желим бөтөлкөлөргө куюуп, мыйзамсыз саткандар жолдон тазаланат. 

"Аларды калкалагандар жана чек арадан мыйзамсыз ташып келип жаткан жарандар жакынкы күндөрү аныкталып, мыйзамга ылайык тийиштүү чаралар көрүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.