Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан уурдоого шектелген жаран кармалды
10 февраль

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан уурдоого шектелген жаран кармалды

2026-жылдын 7-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге О.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Арызында ушул эле жылдын 6-февралында саат 11:00дөн 13:00гө чейинки аралыкта белгисиз адам кире бериш эшикти бузуп, Ак-Босого жаңы конушунда жайгашкан үйүнө мыйзамсыз кирип, баасы 50 000 сом турган алтын чынжырча кулону менен кошо уурдап, белгисиз тарапка изин жашырган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205- (Уурдоо) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1988-жылы туулган И.Т., аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кармалган жарандын ушуга окшош кылмыш фактыларына катышы бар экендиги аныкталды.