Зыян 78,6 млн сом. Ошто жер казынасын пайдалануу боюнча мыйзамсыз фактылар аныкталды
22 июль

Зыян 78,6 млн сом. Ошто жер казынасын пайдалануу боюнча мыйзамсыз фактылар аныкталды

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жер казынасын пайдалануу боюнча мыйзамдардын аткарылышына жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, Ош шаарынын мэриясы тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болбогонуна карабастан, кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурагын казып алууга укук берүүчү 33 күбөлүктү мыйзамсыз берген.

Мындан тышкары, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын кызмат адамдары жайыт жерлерин жасалма токтомдордун негизинде жеке жактарга өткөрүп берип, анын кесепетинен мамлекетке 78 млн 600 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган.

Ошондой эле текшерүүдө Ош–Ноокат унаа жолунун боюнда иш жүргүзгөн айрым ишканалар лицензияларда көрсөтүлгөн аймактардан тышкары жерлерде кум-шагыл аралашмасын мыйзамсыз казып алышканы белгилүү болду. Мунун кесепетинен жер кыртышы бузулган.

Аталган фактылар боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен үч кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары, мыйзамсыз берилген жер тилкелерин жана күбөлүктөрдү жокко чыгаруу, бузулган жерлерди калыбына келтирүү, ошондой эле тиешелүү лицензияларды кайтарып алуу боюнча Ош шаарынын мэрине жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине сунуштамалар киргизилип, алар белгиленген тартипте каралууда.