видеодон алынган кадр
29 июнь
Ош шаарынын негизги көчөлөрүнүн биринде оңдоп-түзөө иштери башталды
Ош шаарынын негизги көчөлөрүнүн бири Курманжан Датка көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, учурда аталган көчөнү Аматов көчөсүнөн Токтомушев көчөсүнө чейин асфальт төшөлүүдө. Жолдун узундугу 1 чакырымды, кеңдиги 24 метрди түзөт. Эки четинде ирригациялык тутум, жашыл аймагы каралган.
