Агасы губернатор, иниси айыл өкмөт башчысы. Депутат кайсы облус тууралуу айтты? 
10 февраль

Агасы губернатор, иниси айыл өкмөт башчысы. Депутат кайсы облус тууралуу айтты? 

Депутат Чыңгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында кызыкчылыктар кагылышы канчалык деңгээлде текшерилээрине кызыкты. 

Ал Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиевге кайрылды: 

“Кадр саясатын карап жатканда, кадрларды кадрлар резервине киргизип жатканда жана ал жактан алып кызматка дайындап жатканда кызыкчылыктар кагылышын эске аласыздарбы? Кайсы бир тарапка багыттабай эле, мисал катары айтайын, бирөө бир облуска губернаторлукка жөнөтүлдү дейли, ошол эле облуста анын бир тууган агасы же иними айыл өкмөт башчысы болуп турат. Ошол жагын карайсыздарбы?”

Руслан Кубаталиев: “Каралат”, - деп жооп берди. 

Депутат тактады: “Ушундай көрүнүштөр катталабы?” 

Директордун орун басары учурда мындай көрүнүштөр жоктугун айтты. 

“Жакшылап караңыздар, бир туугандарды бир облуска эмес, башка-башка облустарга жөнөтүш керек. Бүгүн барып эле текшерип чыгыңыздар”, – деди анда депутат.