Зулушев суроого жооп бере албаган орун басарга болушту: Баарыбыз жаш болгонбуз
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев депутаттар берген суроолорго жооп берүүдөн кыйналды.
Депутат Улукбек Карыбек уулу:
“Учурда этика комиссиялары тарабынан аткарылчу иштерди персоналды башкаруу кызматына (кадрлар бөлүмү) жүктөөнү сунуштап жатасыздар. Бул кызматтын декларацияларды текшерүүгө эрки жана көз карандысыздыгы жетеби?” – деп сурады.
Руслан Кубаталиев: “Эрки жетет”, – деп жооп берди.
Депутаттын “кандай жол менен ишке ашырылат” деген суроосуна, орун басар жооп тапкан жок. Анын ордуна аталган агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Усеналиева жооп берүүнү суранды.
Комитеттин төрагасы Курманкул Зулушев жаш орун басарды ыңгайсыз абалдан куткарып кетти.
“Түшүнүп коелу, жаңы дайындалып келиптир. Баарыбыз жаш болгонбуз”, – деди ал.
Бактыгүл Усеналиева кызыкчылыктардын кагылышын жана декларацияларды текшерүү кадрлар бөлүмүнө эмне үчүн жүктөлүп жатканын мындайча түшүндүрдү:
“Ар бир органда этика комиссиясы бар. Бирок кызматкерлердин кызмат орду алмашканда жана келип-кетүү болгондо анын курамы өзгөрүп турат. Ошол эле убакта көп жылдан бери курамы өзгөрбөгөн комиссиялар да бар. Негизи жаран кайсы бир кызматка орношуп жатканда, толтура документтерди көтөрүп биринчи кадр бөлүмүнө келет. Бардык процедуралардан аны кадр бөлүмү өткөрөт жана аны менен түз иш алып барат. Ошондуктан ишти илгерилетүү үчүн кызыкчылыктар кагылышын аныктоону да аларга жүктөп жатабыз. Анын үстүнө этика комиссиясынын жыйынын өткөрүүдө кворум болот же болбой калып, чогултуу убакытты талап кылат”, – деди Усеналиева.
