Кыргызстанда жыл башынан бери 405 млн жүргүнчү ташылды
24 сентябрь

Кыргызстанда жыл башынан бери 405 млн жүргүнчү ташылды

2025-жылдын январь-вагустунда Кыргызстанда транспорттун бардык түрлөрү 405 миллион жүргүнчү ташыган, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8%га өскөн.

Жүргүнчүлөрдү ташуунун басымдуу бөлүгүн автомобиль транспорту — автобустар, микроавтобустар жана таксилер түзөт (98%дан ашык).

Ушул эле мезгилдин ичинде 36 миллион тонна жук ташылып, өткөн жылга салыштырганда 10 пайызга көп. Аны менен катар жүк ташуунун болжол менен 55%ын жеке ишкерлер (жеке жактар) аткарган.

Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуулардын өсүшү өлкөнүн транспорттук активдүүлүгүнүн кеңейгендигин жана автотранспорттук кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын жогорулагандыгын көрсөтөт.