Аламүдүн районунда алдамчылык фактысына шектелген аял кармалды
24 сентябрь

Аламүдүн районунда алдамчылык фактысына шектелген аял кармалды

2025-жылдын 12-сентябрында Аламүдүн РИИБге 1978-жылы туулган И.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, арызында 2023-жылдын 13-ноябрында 1991-жылы туулган А.А. аттуу жаран (мурунку аты-жөнү М.Г.) ишенимге кирип, жалпы суммасы 11 000 ашык АКШ долларга куртка алып, акчасын бир жуманын ичинде кайтарып берүүнү убадалап, бирок, милдеттенмесин аткарбай качып кеткенин билдирген.

2024-жылдын март айында шектүү жарандын аты-жөнү өзгөртүлүп А.А. болуп катталганы аныкталган.

Жогорудагы факт боюнча Аламүдүн РИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө А.А. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Бүгүнкү күндө Аламүдүн РИИБге дагы ушундай эле арыздар келип түшүп, арыздардын негизинде текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда милиция кызматкерлери А.А. аттуу жарандын дагы ушу сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендигин текшерүүгө алууда. Андыктан милиция кызматкерлери жогорудагы жарандын аракетинен жабыр тарткандар болсо төмөнкү телефондор аркылуу билдирүүгө чакырат:
0 (778) 64-94-99,
0 (708) 45-49-08,
нөөмөт бөлүмү: 0 (312) 36-30-36 же 102