ЖКККББ кызматкерлери жабырлануучу аялды ооруканага ыкчам жеткирүүгө көмөк көрсөтүштү
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынын кызматкерлери «Ала-Арча – Кашка-Суу – Бишкек» стационардык постунда кызмат өтөп жатып, ыкчамдык жана кесипкөйлүк көрсөтүштү.
Алынган маалыматка ылайык, тоолуу аймакта аял болжол менен 7–8 метр бийиктиктен кулап, оор жаракат алган. Жабырлануучуну алып келе жаткан ӨКМ кызматкерлери жол ачып берүү боюнча кайрылышкан.
Патрулдук кызматкерлер дароо чара көрүп, атайын унааны коштоп, жабырлануучу аялды Бишкек шаарынын 4-шаардык ооруканасына тез арада жеткиришип, дарыгерлерге өткөрүп беришти.
Кызматкерлердин ыкчам жана так аракеттеринин натыйжасында жабырлануучу өз убагында медициналык жардам алды.
