Кыргызстандын камсыздандыруу рыногу өстү: компаниялар үч айда дээрлик 2,9 млрд сом киреше табышты
2026-жылдын январь-март айларында Кыргызстанда камсыздандыруу ишмердүүлүгүн 19 компания жүргүздү. Бул мезгилде алардын жалпы кирешеси 2,9 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 38,3%га көбөйдү.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, камсыздандыруу уюмдарынын чыгымдары да 1,4 эсеге өсүп, 2,8 млрд сомго жетти.
Биринчи кварталдын жыйынтыгында 11 камсыздандыруу компаниясы пайда тапкан. Алардын жалпы пайдасы 323,5 млн сомду түздү. Ал эми дагы 6 компания отчеттук мезгилди чыгым менен жыйынтыктады.
Жалпысынан камсыздандыруу секторунун финансылык жыйынтыгы оң болуп, 80,5 млн сом пайда катталды. Ошол эле учурда бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–март айларына салыштырмалуу 26,3%га төмөндөгөн.
2026-жылдын 1-апрелине карата өлкөдө 735,3 миң камсыздандыруу келишими түзүлүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,8%га көп болду. Келишимдердин басымдуу бөлүгүн (92%) жеке жактар түзгөн.
Мында камсыздандыруу келишимдеринин 72,2%ы ыктыярдуу камсыздандырууга туура келсе, калган 27,8%ы милдеттүү камсыздандыруунун үлүшүнө туура келген.
