Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча айыпталган жаран Грузиядан экстрадицияланды
24 сентябрь

Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча айыпталган жаран Грузиядан экстрадицияланды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин координацияланган иш-аракеттеринин натыйжасында жаран А.Ж.М. Грузиядан кармалып, Кыргызстанга алынып келинди. Экстрадиция учурдагы эл аралык келишимдердин негизинде жана Грузиянын ыйгарым укуктуу органдары менен натыйжалуу кызматташуунун алкагында ишке ашырылды.

10 жылдан ашык эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, анын ичинде баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, күнөөсүз адамдарды кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу максатында далилдерди бурмалоо жана башка баңгизаттар менен байланышкан кылмыштар боюнча айыпталууда.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында эл аралык келишимдердин алкагында издөөдө жүргөн адамдарды экстрадициялоо боюнча активдүү иштер улантылууда.