Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия – Германия» тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусуна катышат
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 11-февралында Берлинде өтө турган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Германиянын тышкы саясат ведомстволорунун жолугушуусуна катышат.
КР ТИМден кабарлашкандай, сапардын алкагында Германиянын расмий өкүлдөрү жана немис бизнес коомчулугу менен сүйлөшүүлөр пландалган.
