Бишкек – Балыкчы поезд каттамы 6-сентябрга чейин узартылды
Жүргүнчүлөрдүн кайрылууларын эске алуу менен, Бишкек – Балыкчы № 608/609 жүргүнчү поездинин каттамы 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин узартылды.
Поезддин жүрүү убактысы жана жол жүрүү шарттары өзгөртүлгөн жок.
Бир гана 5-сентябрда техникалык себептерден улам каттамдын графиги төмөнкүдөй болуп өзгөртүлдү.
Бишкек-2 бекетинен поезд саат 08:45те жөнөп, Балыкчыга 13:16да жетет. Ал эми Балыкчыдан 19:26да чыгып, Бишкек-2 бекетине саат 23:56 келет.
