Балыкчы шаарына баңги затын системалуу түрдө ташып келүү менен алектенген КР жарандары Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. кармалды
24 сентябрь

Балыкчы шаарына баңги затын системалуу түрдө ташып келүү менен алектенген КР жарандары Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. кармалды

КР УКМК Балыкчы шаарында баңги затын өндүрүү жана таратуу менен алектенген топтун ишмердүүлүгүн токтотту.

Тактап айтканда, КР жарандары Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизаттарды Ысык-Көл районунан Балыкчы шаарына системалуу түрдө ташып келип, андан кийин колдонуу жана сатуу үчүн баңгизаттарды кол өнөрчүлүк ыкмасы менен даярдашкан.

Үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында тергөө-оперативдүү иш-чаралардын жүрүшүндө Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизат каражаттарын ташып бара жаткан учурунда кармалып, тинтүүнүн натыйжасында 6 кг. баңгизат продукциясы, баңги каражаттарын жасоо үчүн буюмдар, ошондой эле катталбаган “Тоз 8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар алынган.

Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. кармалып, Каракол шаарынын тергөө абагына 2 айга камалды.

Тергөө иштери жүрүп жатат