Кыргызстан жол кырсыгынан каза болгондордун саны көбөйдү
10 февраль

Кыргызстан жол кырсыгынан каза болгондордун саны көбөйдү

Кыргызстанда өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча жол кырсыктарынын кесепетинен каза болгондордун саны 21,1%га көбөйдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Жалпысынан жол кырсыктарынан 12 миңден ашуун адам жабыркап, алардын 900гө жакыны каза болгон. Катталган жол кырсыктарынын жалпы саны 8 456 учурду түзүп, бул мурунку жылга салыштырмалуу 19,1%га көп.

Өзгөчө жашы жете электер катышкан жол кырсыктарынын көбөйүшү тынчсыздандырууда. Мындай кырсыктар 23,7%га өскөн. Натыйжада 121 бала каза болуп, дагы дээрлик 2,6 миңи ар кандай жаракат алган.

Ошондой эле мас абалында унаа башкарган айдоочулардын катышуусундагы кырсыктардын саны да көбөйгөнү белгиленди. Бир жыл ичинде мындай 395 учур катталып, бул мурунку жылга салыштырмалуу 11,3%га көп.