Кыргызстан менен Россия вирустук гепатиттерге каршы күрөшүүдө кызматташууну күчөтүүдө
10 февраль

Кыргызстан менен Россия вирустук гепатиттерге каршы күрөшүүдө кызматташууну күчөтүүдө

Кыргызстандын маламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын жыргалчылыгын камсыз кылуу жаатындагы федералдык көзөмөл кызматынын жетекчиси, Россия Федерациясынын Башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Анна Юрьевна Попова менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Россия Федерациясына жана Роспотребнадзорго Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүдөгү көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Айрыкча квалификациялуу кадрларды даярдоого, илимий изилдөөлөрдү илгерилетүүгө жана жугуштуу оорулардын алдын алуу, аныктоо жана дарылоонун заманбап технологияларын киргизүүгө кошкон салымы белгиленди.

Жолугушуунун негизги мазмуну В, С жана D вирустук гепатиттери боюнча биргелешкен ишке арналды. 2023-жылдан бери Кыргызстанда эрте диагностика, диспансердик көзөмөл жана дарылоону кеңейтүү боюнча ырааттуу чаралар ишке ашырылып келет. Талкуунун жүрүшүндө Россия Федерациясынын чоң салымы катары вирустук гепатит Вга каршы чоңдорду эмдөө программасын ишке киргизүүгө көрсөткөн колдоосу өзгөчө белгиленди.

Тараптар кызматташуунун практикалык жыйынтыктарын жана уюштуруучулук аспектилерин талкуулашты. Белгиленгендей, Кыргыз Республикасында 2022-жылдын декабрынан тартып гемоконтакттык вирустук гепатиттерге каршы улуттук жооптун маанилүү бөлүгү катары чоңдорду системалуу эмдөө жолго коюлган. Программанын алкагында бүгүнкү күнгө чейин 300 миңден ашуун жаран гепатит Вга каршы эмдөөдөн өткөн.

Кызматташуунун алкагында:

·500 миң доза вакцина жана HBsAg аныктоо үчүн 200 миң экспресс-тест жеткирилген;

·медициналык кызматкерлер экспресс-тестирлөө жана эмдөө боюнча окутулган;

·калк жана адистер үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн;

·жетүүгө кыйын аймактарда эмдөө жүргүзүү үчүн мобилдик комплекстер колдонулган.

Жетишилген жыйынтыктардан программанын туруктуулугуна өтүү маселесин талкуулап жатып, жолугушуунун катышуучулары көрсөтүлгөн колдоо чоңдор арасында гепатит Внын алдын алуу системасын бекемдөөгө, ошондой эле В, С жана D вирустук гепатиттерин аныктоо, каттоо жана дарылоону камтыган комплекстүү ыкманы калыптандырууга мүмкүндүк бергенин белгилешти. Диагностика жана диспансердик көзөмөл менен камтуу кеңейип, терапия алган бейтаптардын саны өсүүдө.

Ушуга байланыштуу тараптар кийинки этаптын милдеттерине да өзгөчө көңүл бурушту. Алардын катарына:

· гепатит Вга каршы вакциналар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу;

· логистика жана жеткиликтүүлүктү эске алуу менен эмдөө мөөнөттөрүн жана схемаларын так сактоо, анын ичинде мобилдик форматтарды колдонуу;

· калкты эмдөөнүн мааниси жана коопсуздугу тууралуу системалуу маалымдоо;

· баштапкы деңгээлдеги медициналык кызматкерлердин бейтаптарга кеңеш берүү, эмдөөдөн баш тартуу же схемаларды бузуу учурларын коштоп жүрүү боюнча квалификациясын жогорулатуу;

· «муздак чынжыр» талаптарын сактоону, документтештирүүнүн сапатын жана эмдөө менен камтуунун көзөмөлүн күчөтүү кирди.

Жолугушуунун соңунда кыргыз тарап Россия Федерациясы жана Роспотребнадзор менен кызматташууну мындан ары да улантууга кызыкдар экенин билдирип, жетишилген жыйынтыктарды сактоо жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишке даяр экенин белгиледи. Ошондой эле бул өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын чыңдоого жана жарандардын саламаттыгын жакшыртууга мындан ары да салым кошоруна ишеним билдирди.