«Электрондук консул» мобилдик тиркемеси ишке киргизилди
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле өлкө аймагынан тышкары чыгууну пландап жаткан жарандарга консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана ыкчамдыгын жогорулатуу максатында иштелип чыккан «Электрондук консул» мобилдик тиркемеси ишке киргизилгенин маалымдайт.
Мобилдик тиркеме «Электрондук консул» санариптик платформасынын негизинде иштелип чыгып, жарандардын консулдук маселелер боюнча Министрликке жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Биринчи этапта тиркеменин колдонуучуларына айрым консулдук кызмат көрсөтүүлөр электрондук форматта жеткиликтүү болот. Атап айтканда, Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк тариздөө, документтерди талап кылуу, кабыл алууга алдын ала жазылуу, ошондой эле убактылуу же туруктуу консулдук каттоого туруу кызматтары каралган.
Мындан тышкары, тиркемеде чет өлкөгө чыгуу эрежелери, консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин даректери жана байланыш маалыматтары камтылган.
Шашылыш кырдаалдарда ыкчам чара көрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулган. Ушул максатта тиркемеде чет өлкөдө кечиктирилгис жагдайга туш болгон жарандарга Кыргыз Республикасынын тиешелүү чет өлкөдөгү мекемесине ыкчам кайрылуу жөнөтүүгө мүмкүндүк берүүчү SOS функциясы каралган.
Министрлик мындан ары мобилдик тиркеме аркылуу көрсөтүлүүчү электрондук консулдук кызматтардын тизмесин кеңейтүүнү пландаштырууда.
Учурда «Электрондук консул» мобилдик тиркемеси тесттик режимде иштеп жатат жана Google Play платформасында жеткиликтүү. Тиркемени App Store платформасына жайгаштыруу жакынкы убакта күтүлүүдө.
