Майлуу-Суу электр лампа заводунун аймагында индустриалдык парк түзүлөт
Майлуу-Суу электр лампа заводу жайгашкан аймакта инвесторлор үчүн жеңилдетилген шарттары бар индустриалдык парк түзүү пландалууда. Бул тууралуу суу ресурстары жана айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, мамлекет ишкананын 550 кызматкерине үч айлык эмгек акы боюнча карызды толугу менен жапты. Иштен бошонуу чечимин кабыл алган кызматкерлерге эки айлык маяна өлчөмүндө компенсация төлөнөт. Мындан тышкары, бийлик заводдун газ, электр энергиясы, суу жана насыялар боюнча жалпы суммасы болжол менен 248 млн сомду түзгөн карыздарын да жапты.
Айнек идиштерди (стеклотара) чыгарууну кайра жандандыруу үчүн 187 млн сом айланма каражат бөлүү каралган, бул 230га чейин жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле светодиоддук лампаларды өндүрүүнү кеңейтүү пландалууда: кошумча беш линия орнотуу үчүн 200 млн сом бөлүнүп, натыйжада дагы 120га жакын жаңы жумуш орду ачылат.
Мындан тышкары, жылуулук изоляциялоочу минералдык жүн өндүрүшүн ишке киргизүү боюнча инвестор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ишкананын чийки зат базасы дээрлик 700 миң тонна айнек сыныгына бааланат.
