"Нелегал" рейди. Сокулукта чет өлкөлүк жарандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Чүй ОИИББ
14 август

"Нелегал" рейди. Сокулукта чет өлкөлүк жарандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Сокулук районунда «Сары-Өзөн Сити», «Көчмөн Сити» турак жай комплекстерине жана башка ишканаларга тартылган чет өлкөлүк жарандар менен «Нелегал» рейдинин жүрүшүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан ишканаларда жана турак жай курулуш объекттеринде эмгектенип жаткан чет өлкөлүк жарандар менен түшүндүрүү-профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Сокулук РИИБдин кызматкерлери, Сокулук районунун УКМКнын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик бийлик өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүдө жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө өлкөнүн мыйзамдарын так сактоо, коомдук тартипти жана курулуш объекттериндеги коопсуздук талаптарын камсыз кылуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылып, мыйзам талаптарына ылайык өлкөдөн чыгаруу (депортациялоо) чаралары колдонулары эскертилди.

Мындан тышкары, курулуш иштеринде колдонулган оор жүк ташуучу автоунаалар жүргөн жолдордо чаңды азайтуу максатында үзгүлтүксүз суу себүү, айлана-чөйрөгө жана жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратпоого өзгөчө көңүл буруу боюнча талаптар коюлду.