Ысык-Көл районунун медициналык мекемелерине тогуз күндө 1,8 миңге жакын адам кайрылган
Сүрөт ачык булактардан алынды
6 сентябрь

Ысык-Көл районунун медициналык мекемелерине тогуз күндө 1,8 миңге жакын адам кайрылган

27-августтан 4-сентябрга чейин Ысык-Көл районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборуна медициналык жардам алуу үчүн 1 миң 782 адам кайрылган.

Алардын ичинен 839 кайрылуу конокторго, туристтерге жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларына туура келген.

Бул аралыкта 171 бейтап ооруканага жаткырылган. Алардын 57си оюндардын коноктору, туристтери же катышуучулары болгон.

Ири иш-чараларды өткөрүү мезгилинде аймактагы медициналык мекемелер кошумча керебеттердин резервин түзүп, тиешелүү адистердин күнү-түнү нөөмөтүн уюштурушкан.

Мындан тышкары, медициналык эвакуациянын бирдиктүү системасы иштеп, бейтаптарды медициналык пункттан же мобилдик клиникадан стационарга жеткирүү камсыздалган. Зарыл болгон учурда бейтаптар республикалык деңгээлдеги адистештирилген медициналык мекемелерге жөнөтүлгөн.