www
25 май
Сел жүрөт! ӨКМ чукул билдирүү таратты
Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыматына таянсак, 2026-жылдын 25-майынан 28-майына чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ буга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырды.
