Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол трассасынын тилкесин кыян суу жууп кетти
Сүрөт ачык булактардан алынды
22 июль

Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол трассасынын тилкесин кыян суу жууп кетти

Күн мурун, 22-июль, түнкү саат 3:50 чамасында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 207 жана 208-чакырымдарынын ортосунда Конкино айылы ( жол салынып жаткан) жаап өткөн жамгырдын кесепетинен арыктарга суул батпай унаа жолду каптап, болжол менен 10 метр жерин жеп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгы кабарлайт.

Жерине Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылып, кол каражаттардын жардамында каттам үчүн жолду ачышкан.

Учурда унаалар кезеги менен өтүүдө. Жолду калыбына келтирүүгө техника тартылат.

Кошумча маалымат берилет.