Төрага Марлен Маматалиев Москвада ЖККУ ПАнын Кеңешинин жыйынына катышты
КР ЖК
20 апрель

Төрага Марлен Маматалиев Москвада ЖККУ ПАнын Кеңешинин жыйынына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россия Федерациясынын Москва шаарында уюштурулган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынына катышты.

Жыйында Ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери баяндама жасап, Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен да куттукташты.

Өз кезегинде айтылган куттуктоолор үчүн кесиптештерине ыраазычылык билдирген Марлен Маматалиев мындай жолугушуулар парламенттер аралык алакаларды гана өнүктүрбөстөн, мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкка да чоң өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Ошону менен катар өткөн жылдын ноябрь айында Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйындарынын натыйжасы тууралуу сөз кылган төрага:

«Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өткөн саммит кызматташуубузду бекемдөөгө өзгөчө салым кошуп, жамааттык коопсуздук тутумунун негизин түзгөн бир катар стратегиялык документтерге кол коюлду. Айрыкча заманбап чакырыктарга, коркунучтарга басым жасалып, киберкоопсуздук, маалыматтык-аналитикалык ишти өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бишкектеги отурумдун жыйынтыктары биргелешкен ишибиздин негизин бекемдеп, жамааттык коопсуздук принциптерине берилгендигибизди тастыктады», – деди.

Ошондой эле быйыл Россия Федерациясы уюмдагы төрагалыгын «Көп уюлдуу дүйнөдөгү жамааттык коопсуздук: бир максат – жалпы жоопкерчилик» деген ураандын негизинде жүргүзүп жатканына токтолгон Марлен Маматалиев: «Биз тынчтык менен туруктуулук мамлекеттер аралык кызматташуунун негизги факторлору экенин жакшы билебиз. Ага ылайык, жаңы механизмдерди жана инструменттерди киргизүүгө умтулуп, бул пайда болгон коркунучтардын алдын алууга жана терс кесепеттерин азайтууга мүмкүндүк берет деген ишенимдебиз», – деп кошумчалады.

Андан тышкары, азыр дүйнөлүк коомчулук ар кайсы аймактарда чыңалуунун күчөшүнө күбө болуп жатканын белгилеген төрага:

«Жаңы куралдуу жаңжалдар пайда болуп, мурдагы чыр-чатактар кайра жанданып жатат. Мамлекеттер аралык карама-каршылыктар кескин курчуду. Терроризм, экстремизм жана уюшкан кылмыштуулук сыяктуу коркунучтар өсүүдө. Бул чакырыктар чек араны билбейт жана бизден координацияланган, чечкиндүү аракеттерди талап кылат» – деди.

Муну менен катар Жакынкы Чыгыштагы кырдаал чөлкөмдөгү мамлекеттерди тынчсыздандырып жатканын айткан төрага:

«Биздин чек араларга жакын жайгашкан бул аймак туруксуздуктун очогу бойдон калууда. Конфликттер, гуманитардык кризистер, радикалдык маанайдын күчөшү – мунун баары регионалдык жана глобалдык коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратат. Биз чыр-чатактарды жөнгө салуунун жалгыз жолу диалог, дипломатия жана эл аралык укукту урматтоо деп билебиз. Андыктан талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүгө жана туруктуулукту калыбына келтирүүгө багытталган аракеттерди колдойбуз», – деп билдирди.

Ошондой эле аскердик потенциалды бекемдөө, кризистик кырдаалдарга алдын ала чара көрүү жана жооп кайтаруу системаларын өркүндөтүү, жаңы коркунучтарга каршы активдүү күрөш жүргүзүү маселелерине да токтолгон Жогорку Кеңештин төрагасы:

«Мында парламенттик дипломатиянын ролу өтө чоң. Анткени парламенттер улуттук мыйзамдарды жакындаштырууга, тажрыйба алмашууга жана жалпы ыкмаларды иштеп чыгууга шарт түзөт. Биз аскердик-техникалык, маалыматтык жана гуманитардык тармактарды камтыган кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдарбыз. Ачык диалог, ишеним жана биргелешкен аракеттер XXI кылымдын чакырыктарына жооп берүүнүн негизги факторлору экени талашсыз. Ага ылайык, Кыргызстан уюмдагы өнөктөштөр менен өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча стратегиялык диалогду улантууда», – деди.

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагындагы Парламенттик ассамблея 2006-жылы 16-ноябрда түзүлгөн. Ага Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Армения Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын парламенттери мүчөлүк кылат.