Бишкекте кыргыз-кытай кызматташтыгынын келечеги талкууланды 
29 январь

Бишкекте кыргыз-кытай кызматташтыгынын келечеги талкууланды 

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай өз кызматташтыгынын маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашып, соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын маселелери каралып, Кыргызстанда маанилүү иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги аспектилер боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүнө берилгендигин тастыкташты, ошондой эле 2026-жылга карата өз ара аракеттенүүнүн артыкчылык багыттарын аныкташты.