Алагөзов: Президенттин бир гана коомдук башталыштагы кеңешчиси бар
25 май

Алагөзов: Президенттин бир гана коомдук башталыштагы кеңешчиси бар

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов “Президенттин коомдук кеңешчиси” жана “Президенттин коомдук жардамчысы” деген кызматта учурда Кыргызстандын жарандарынан эч ким жок экендигин билдирди.

Анын айтымына караганда, бул билдирүү акыркы убакта айрымдардын тигил же бул адамды “Президенттин коомдук кеңешчиси же Президенттин коомдук жардамчысы” деп атап жаткандыгына байланыштуу.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров милдеттерин коомдук башталышта аткарып жаткан кеңешчилери менен жардамчыларынын баардыгын 2024-жылы сентябрда Президенттин Администрациясын реформалоо жана башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун алкагында бошоткон (коомдук башталыштагы 7 жардамчы жана коомдук башталыштагы 19 кеңешчи).

"Учурда Кыргыз Республикасынын президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао гана (санарип активдери жана блокчейн технологиялары маселелери боюнча)", - деди ал.