Кара-Сууда опузалап акча талап кылган жалган милиция кызматкерлери кармалды
2026-жылдын 18-январь күнү Кара-Суу РИИБге 1971-жылы туулган Н.Ш. аттуу жаран (аял киши) арыз менен кайрылган. Анда анын жолдошун азият улутундагы үч бала өздөрүн “Милиция кызматкерибиз”- деп тааныштырып, автоунаага эркине каршы салып, жанынан баңгизат чыккандыгын айтышып, 50 000 (элүү миң) сом акча каражатын талап кылып жаткандыгын, эгерде бербей турган болсо, камала тургандыгын айтып жатышкандыгын билдирген.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө кызматы жана Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында аталган акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган Э.М. жана 2003-жылы туулган Т.С. кармалып, камакка алынды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн үчүнчү шериги 1997-жылы туулган Т. угли М. экени аныкталып, ал дагы кылмышка шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.
