Улукбек Карыбек уулу “Кыргызстанда бир гана мен кыйынмын” деген аткаминерлерге кайрылды
5 март

Улукбек Карыбек уулу “Кыргызстанда бир гана мен кыйынмын” деген аткаминерлерге кайрылды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу өзүн өтө акылдуу сезген мамлекеттик кызматкердин канчалык иштегенин бир гана эл баалай турганын билдирди. Бирок депутат ким тууралуу айтып жатканын ачыктаган жок. 

“Сүзмөдөй сүзүлүп, сүйлөсөмбү, сүйлөбөсөмбү деп, Кыргызстанда бир гана мен кыйынмын, мен акылдуумун, менден башкалардын баары келесоо, акмак деген мамлекеттик кызматкерлерди белгилеп коюшубуз керек. Алар канча эмгек жасашты, ишин канчалык деңгээлде аткарышты – эл, коом күбө болуп турат. Өзгөчө депутаттар, жооптуу кызматта отургандар аны сезишибиз керек. Ошол эле учурда мамлекет, урпактарыбыз үчүн жүгүрүп иштегендердин да мээнетин эл баалайт”, – деди ал.

Спикер Марлен Маматалиев “депутаттык этиканы эстен чыгарбоого” чакырды.