Телефонун тартып алган. Баткенде 19 жаштагы жигит тоноочулукка шектелип кармалды 
Баткен ОИИБ
26 ноябрь

Телефонун тартып алган. Баткенде 19 жаштагы жигит тоноочулукка шектелип кармалды 

Баткен районунда тоноочулукка шектелип 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, окуя 2026-жылдын 7-ноябрында катталган. 

Баткен районунун Көк-Таш айылынын 58 жаштагы тургунунун Redmi Note 14 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз жарандар ачык түрдө тартып алып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Аталган факты боюнча Баткен РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноочулук) негизинде кылмыш иши козголгон.

Баткен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Баткен шаарынын 19 жаштагы тургуну Н.К. аныкталып, кармалды.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Баткен райондук соту тарабынан ага карата эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.