Нарын шаарында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар аныкталды
2026-жылдын 23-май күнү саат 19:20 чамасында Нарын шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде белгисиз жарандар мыйзамсыз ок атуучу курал-жарактарды сатып жатышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты Нарын ШИИБдин маалыматтарды электрондук журналына катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгү ( Ок атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жака анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
Ыкчам-тергөө тобу тарабынан жүргүзүлгөн кароонун жүрүшүндө:
▪️ 4 даана сайлуу ок атуучу курал;
▪️ 2 даана сайсыз ок атуучу курал;
▪️ 347 даана майда калибрлүү патрон;
▪️ 6 даана ок атуучу куралдын патрону;
▪️ 9 даана колдонулган гильза;
▪️ 4 даана куралдын кундагы (приклад) алынган.
Аталган факт боюнча Нарын шаарынын 1972-жылы туулган тургуну К.С. экендиги аныкталып, алынган курал-жарактарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.
Нарын ШИИБ жарандарды мыйзамсыз сакталган курал-жарактар тууралуу маалыматтарды өз убагында укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырат.
