Араван милициясына жаңы автоунаа тапшырылды
Араван милициясына демөөрчүлөр тарабынан 2008-жылы чыгарылган HYUNDAI HI үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эми бул автоунаа милициянын көчмө кабылдамасы кызматын аткарат. Башкача айтканда, район аймагында ар кандай укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу жана калк арасындагы көйгөйлүү маселелерди билүү үчүн айылдарды кыдырып, жарандардан арыз-даттанууларды кабыл алат.
Бул аракеттер жарандардын коопсуздугун, бейпил жашоосун камсыз кылууга жана ак ниет менен кызмат өтөөгө, ошондой эле элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
