Кыргызстанда «Улгайган жарандарга көңүл буруу жана камкордук» айлыгы башталды
24 сентябрь

Кыргызстанда «Улгайган жарандарга көңүл буруу жана камкордук» айлыгы башталды

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин өтүүчү “Улгайган жарандарга көңүл буруу жана камкордук” ураанында бир айлык башталганын маалымдайт.

Бир айлыктын алкагында өлкө боюнча социалдык, медициналык, укуктук иш-чаралар, маданий-агартуу жолугушуулары, өз ара жардам көрсөтүү акциялары, кайрымдуулук демилгелери өткөрүлөт.

Министрлик бардык жарандарды, коомдук бирикмелерди жана бизнес-структураларды бул иш-чарага активдүү катышууга жана карыларга болгон көңүл буруу менен камкордукту айлык маалында гана эмес, күн сайын көрсөтүүгө чакырат.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 токтомунун алкагында өткөрүлүп, улуу муундун жашоо сапатын жогорулатууга, карылардын кадыр-баркын сыйлоо жана камкордук салтын бекемдөөгө, ошондой эле коомчулуктун көңүлүн социалдык коргоо маселелерине бурууга багытталган.