Юстиция министрлигинде туризм тармагындагы бюрократиядан арылуу маселеси талкууланат
5 март

Юстиция министрлигинде туризм тармагындагы бюрократиядан арылуу маселеси талкууланат

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин имаратында 17-мартта туризм тармагындагы бюрократиядан арылуу маселеси талкууланат.

Административдик тоскоолдуктар талкууланып, аларды жоюу боюнча практикалык сунуштар иштелип чыгат жана мамлекет менен бизнестин өз ара натыйжалуу кызматташуу механизмдери аныкталат.

Уюштуруучулар көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүү боюнча сунуштар болсо, маалыматты алдын ала төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүнү өтүнөт: office@nisi.gov.kg.

Жолугушуу мамлекеттик башкаруу системасын бюрократиядан арылуу багытында уюштурулууда.

Кийинки жолугушуулардын күн тартибинде, дары-дармектердин жүгүртүлүшү, ошондой эле санитардык эрежелерди жана нормаларды (СанПиН) тиешелүү министрликтердин техникалык регламенттерин жаңылоо, адвокатура, соода ишмердиги жана курулуш маселелери каралат.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 387 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылууга багытталган реформаларды мындан ары ишке ашыруу жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.