Ош калаасы менен Казакстандын шаарларынын ортосундагы кызматташтык талкууланды
Ош мэриясы
5 март

Ош калаасы менен Казакстандын шаарларынын ортосундагы кызматташтык талкууланды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев бүгүн, 5-мартта Казакстандын Ош шаарындагы башкы консулу Мухтар Ахат уулу менен жолугушуп, эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү боюнча кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда Ош шаары менен Казакстандын Шымкент жана Тараз шаарларынын ортосунда түзүлгөн боордоштук мамилелер жөнүндө келишимдердин негизинде иштелип чыккан программанын алкагында мерчемделген спорттук иш-чараларды уюштуруу, билим берүү жана башка тармактар боюнча кызматташтыкты бекемдөө сунуштары айтылды.

Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер достукка, өз ара ишенимге, стратегиялык өнөктөштүккө негизделгендиги белгиленип, буга чейин калыптанган жакшы салттарды, жетишилген макулдашууларды улантуу жана тереңдетүү милдеттери коюлду.