Бишкектин айрым аймактарында 29-июлда таза суу жок болот
Бишкектин айрым аймактарында 29-июлда саат 10:00 - 20:00 чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
•10 – кичи району;
•Масалиев –Ч. Айтматов пр. – Ы. Абдрахманов- Садырбаев көч.;
•Масалиев –Ч. Айтматов пр. – Токтоналиев – М. Гшлиессер көчөлөру менен чектешет.
Диаметри 500 мм болгон ЭЧЖК резервуарларды оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» МИси жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
