Үйлөрдү сел суулары каптады. Манас шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди
видеодон алынган кадр
25 май

Үйлөрдү сел суулары каптады. Манас шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Манас шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди, деп билдирет президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү.

Маалыматка ылайык, 24-майда болжол менен саат 23:40 чамасында жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Манас шаарындагы турак үйлөрдүн жана чарбалык курулмалардын короолорун сел суулары каптаган.

Алдын ала маалымат боюнча, 27 турак үйдүн короосун суу каптап, 4 үйдүн ичине жана 1 үйдүн жер төлөөсүнө суу кирген. Ошондой эле 7 көп кабаттуу турак үйдүн короолоруна жана жер төлөлөрүнө сел суулары кирген.

Селдин кесепеттерин жоюу иштерине КР ӨКМден 84 куткаруучу, 4 мотопомпа, 1 өрт өчүрүүчү унаа, Манас шаардык ЖК кызматтарынан 86 кызматкер жана 9 техника тартылган. Мындан тышкары, 47 жергиликтүү тургун жардам көрсөтүүдө.

Жалпы 217 адам тартылып, учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылууда.

Жеринде таңкы саат 04:00 штаб уюштурулуп, Манас шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Кошумча маалымат берилет.