Жолдордогу мушташ үчүн айдоочулук күбөлүктөн 6 айга ажыратуу сунушталууда
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
26 ноябрь

Жолдордогу мушташ үчүн айдоочулук күбөлүктөн 6 айга ажыратуу сунушталууда

Кыргызстанда жолдордо мушташкан айдоочуларга 10 миң сом айып пул салуу, ал эми мыйзам бузуу бир жыл ичинде кайталанса, алты айга унаа башкаруу укугунан ажыратуу сунушталууда.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 26-ноябрда биринчи окууда кабыл алды.

Документтин демилгечилеринин бири, депутат Бактыяр Калпаев акыркы убакта айдоочулардын агрессивдүү жүрүм-туруму көбөйгөнүн белгиледи. Ал мисал катары Ош облусунда июль айында бир айдоочу экинчисин бычак менен сайган окуяны келтирди.

Мыйзам долбооруна ылайык, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жараткан жолдогу мушташтарга, чыр-чатактарга жана башка агрессивдүү аракеттерге катышкан айдоочуларга 10 миң сом айып пул салуу сунушталууда. Эгер укук бузуу бир жыл ичинде кайталанса, айдоочу алты айга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

Парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев демилгенин максаты айып пул чогултуу эмес, жолдордогу тартипти жогорулатуу экенин белгиледи. Анын айтымында, мыйзам долбоору экинчи окууга чейин Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте кошумча каралат.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев учурда мындай чыр-чатактар кесепетине жараша автоээнбаштык, майда бейбаштык же кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу бейбаштык катары квалификацияланарын түшүндүрдү.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жаңы нормаларды мыйзамдардагы колдонуудагы беренелерге киргизүү мүмкүнчүлүгүн да карап чыгууну сунуштады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоорун 66 депутат колдоду, каршы добуш бергендер болгон жок.