Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Кыргыз шахмат союзунун президенти болуп шайланды
Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова Кыргыз шахмат союзуна президент болуп шайланды. Шайлоодон кийин ал социалдык тармактар аркылуу машыктыруучуларга, шахматчыларга, ардагерлерге, ата-энелерге жана шахматтын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан бардык жарандарга ыраазычылык билдирди.
Салянова кызматка дайындалышы чоң сыймык гана эмес, эң оболу бүтүндөй шахмат коомчулугу жана өлкө алдында өтө чоң жоопкерчилик экендигин белгиледи.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө заманбап дүйнөдө ийгилик бир адамдын аракети менен эмес, күчтүү команданын биримдиги менен жаралат.
"Мен биздин уюмдун эң чоң артыкчылыгы адамдар деп эсептейм. Алар: машыктыруучулар, уюштуруучулар, калыстар, демилгечил жарандар, ата-энелер жана, албетте, шахматчылардын өзү. Биз тажрыйбаны, кесипкөйлүктү жана жалпы максатты бириктиргенде гана кыргыз шахматын сапаттык жаңы деңгээлге көтөрө алабыз", - деди ал.
Аида Салянова буга чейин башкы прокурор, юстиция министри жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты кызматтарын аркалаган. Маалыматка ылайык, анын кенже кызы дагы шахмат менен алектенип, Кыргызстанды эл аралык мелдештерде өкүлчүлүк кылып келет.
