Бишкекте жайда сууну керектөө 30% өсөт – «Бишкексууканал»
Жай мезгилинде Бишкекте ичүүчү сууну керектөө кыш мезгилине салыштырмалуу 25–30%га көбөйөт. Бул тууралуу «Биринчи» радиосунун эфиринде Бишкек мэриясынын «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Алибек Канымет уулу билдирди.
Анын айтымында, керектөөнүн өсүшүнүн негизги себеби — жашыл аймактарды жана короо-жайларды сугаруу.
«Күндүзгү убакта жашыл көчөттөрдү ичүүчү суу менен сугарууга тыюу салынат. Биздин адистер тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат», — деди ал.
Ишкананын өкүлү ысык күндөрү борбор калаанын сууга болгон муктаждыгы суткасына болжол менен 550 миң куб метрге жетерин маалымдады.
Ал шаар тургундарын ичүүчү сууну үнөмдүү пайдаланууга жана өзгөчө жай мезгилинде аны колдонуу эрежелерин сактоого чакырды.
