Базар-Коргон – Бешик-Жон жолунун 6 чакырымына асфальт төшөлдү
Базар-Коргон – Бешик-Жон жолунун 6 чакырымына асфальт төшөлүп, жол сызыктары чийилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, айыл аралык каттамдарды жакшыртууга, унаа кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган жол курулуш иштери бардык нормаларга ылайык аткарылды.
