Камчыбек Ташиевдин күйөө баласы алдамчылыкка шектелип кармалды
Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы УКМКнын мурдагы кызматкери Азамат Дыйканбаевди кармады. Ага карата «кызмат абалынан пайдаланып алдамчылык кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, Дыйканбаев Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси болушу мүмкүн болгон адамдарды аныктоо үчүн тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Буга чейин Азамат Дыйканбаевдин аты ЖМКларда жана социалдык тармактарда Манас шаарындагы ишкердин унаасына байланыштуу кырдаалга байланыштуу айтылып келген.
Маалыматка караганда, Дыйканбаев буга чейин улуттук коопсуздук органдарынын системасында иштеген. Ошондой эле ЖМКларда ал УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин күйөө баласы катары да айтылган.
