Бишкекте “Үй сатылат” деген такталар үчүн бирдиктүү дизайн иштелип чыкты
Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаары боюнча шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын шаардык дизайн бөлүмүнүн адистери үй сатуу тууралуу жарыя тактасынын жаңы бирдиктүү эскиздик долбоорун иштеп чыкты.
Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, жаңы демилгенин негизги максаты – Бишкектеги бирдиктүү визуалдык стилди камсыз кылуу.
Долбоор колдонуудагы дизайн-коддун белгиленген талаптарына ылайык даярдалып, Бишкек шаарынын аймагында бирдиктүү үлгү катары киргизүү сунушталууда.
Белгилей кетсек, бул үлгү жеке турак жай курулуш объектилерине гана колдонулат.
Долбоорго ылайык маалыматтык тактанын стандарттык өлчөмдөрү төмөнкүлөрдү түзөт:
* Узундугу – 700 мм;
* Бийиктиги – 400 мм;
* Калыңдыгы – колдонулуучу материалга жараша орточо 3–5 мм.
Мындай өлчөмдөр маалыматтын алыстан да так окулушун жана жакшы кабыл алынышын камсыздайт.
Маалыматтык тактаны даярдоодо төмөнкү материалды колдонуу сунушталат:
* Акрил – жеңил, бекем жана аба ырайынын таасирлерине туруктуу материал.
Бул материал күндүн нуруна, жаан-чачынга жана шамалга туруктуу болуп, узак мөөнөт пайдаланууга ылайыктуу.
Маалыматтык тактанын түс гаммасы заманбап шаардык талаптарга ылайык аныкталган:
* Негизги фон – кочкул көк түс (Артикул-13741 / RGB 40, 52, 103);
* Жазуулар – ак түс (RAL 9003 / RGB 238, 238, 236).
Түстөрдү тандоодо басма үлгүсүнө эмес, RGB жана RAL көрсөткүчтөрүнө таянуу сунушталат.
Колдонулуучу шрифт:
* Bahnschrift.
Негизги жазуу:
“ҮЙ САТЫЛАТ” – тактанын борбордук бөлүгүнө баш тамгалар менен жайгаштырылат.
Кошумча маалымат:
* Байланыш телефону жана объект тууралуу кыскача маалымат тактанын төмөнкү бөлүгүндө көрсөтүлөт.
Зарыл болгон учурда орус тилиндеги:
“ПРОДАЕТСЯ ДОМ” деген жазуу кошумча жайгаштырылышы мүмкүн.
Маалыматтык тактаны орнотууда төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
* Үйдүн фасадына же тосмосуна орнотулат;
* Жакшы көрүнгөн жерге жайгаштырылат;
* Жер деңгээлинен болжол менен 1,5–2,5 метр бийиктикте илинет;
* Анын көрүнүшүнө тоскоол болгон башка объектилер менен жабылбашы керек.
Бул талаптар маалыматтык тактанын максималдуу деңгээлде көрүнүүсүн камсыздайт.
“Жаңы үлгүдөгү маалыматтык такталар (үй сатуу боюнча жарыя такталары)” аталышындагы эскиздик долбоор тиешелүү шаардык кызматтарга жөнөтүлөт.
