Кыргызстанда бир жумада 20,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
28 июль

Кыргызстанда бир жумада 20,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда 21-июлдан 27-июлга чейин алдын ала маалымат боюнча, 20 548 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, анын ичинде:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-779;
  • Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -324;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-145;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-999;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 681;
  • Авто ээнбаштык -56;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 258;
  • Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 7;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –9 588;
  • Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 711  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.