Токтогул районунда опузалап акча талап кылууга шектелген жарандар кармалды
17 июнь

Токтогул районунда опузалап акча талап кылууга шектелген жарандар кармалды

Ички иштер органдарына белгисиз жарандар тарабынан коркутуу жолу менен 500 миң сом акча талап кылынгандыгы тууралуу арыз түшкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында бул кылмышка тиешеси бар деп күбө катары 7 жаран Тергөө бөлүмүнө жеткирилип, сурак жүргүзүлгөн. Аныкталгандай, алардын айрымдары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган.