Кумарбек Байдылдаев башкы прокурордун орун басары болду
5 июнь

Кумарбек Байдылдаев башкы прокурордун орун басары болду

Кыргызстандын прокуратура органдарында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгондугун 5-июнда президенттин администрациясынан кабарлашты. 

Жыргал Исмаилов Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун орун басары – Аскер прокурору кызматынан бошотулду.

Анын ордуна Кумарбек Байдылдаев башкы прокурордун орун басары – Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору болуп дайындалды.