Казакстан менен Кыргызстан бири бирине 49 жылга кыймылсыз мүлктөрдү өткөрүп беришет. Кыргызстан кайсы жерди берээри айтылды
29 январь

Казакстан менен Кыргызстан бири бирине 49 жылга кыймылсыз мүлктөрдү өткөрүп беришет. Кыргызстан кайсы жерди берээри айтылды

Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Казакстандын элчиликтерине кыймылсыз мүлктөрдү бекитип берүү боюнча эки өлкөнүн ортосундагы келишимди ратификациялоо маселеси каралды. 

КР тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин айтымында, келишимге ылайык, казак тарап Кыргызстандын элчилигине эки кыймылсыз мүлктү 49 жылга акысыз пайдаланууга өткөрүп берет: 

1. Астана шаарындагы 74 сотых жер тилкеси;
2. 1267 чарчы метр аянттагы имараты бар 12 сотых жер тилкеси. Бул да Астана шаарында. 

Имангазиев белгилегендей, биринчи аталган жер тилкесин Астанадагы абройлуу райондо жайгашкан, жанында АКШ, Беларусь, Россия, БАЭ элчиликтери бар. Бул жерге Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин имараты курулат. Ал эми экинчи даректеги кыймылсыз мүлк учурда Кыргызстандын элчилиги жайгашкан жер, аны келечекте Кыргызстандын Казакстандагы элчисинин резиденциясына айлантуу пландалууда. 

Ал эми Кыргызстан, министрдин орун басарынын айтымында, Казакстан тарапка эки кыймылсыз мүлктү ошондой эле шартта өткөрдү. Анын биринчиси – Бишкектеги Ч.Айтматов 95А дарегинде жайгашкан 75 сотых жер тилке. Экинчиси – Ала-Арча турак жай шаарчасында жайгашкан 531 чарчы метр аянттагы имараты бар 17 сотых жер тилке. 

“Экинчисин казак тарап элчисинин резиленциясы катары колдонот”, – деди Имангазиев. 

Ал бул келишим кыргыз тараптын кызыкчылыгына ылайык келээрин кошумчалады.