Ош шаарында баңгизаттарга каршы комиссия түзүлүп, түшүндүрүү иштери күчөтүлдү
Ош мэриясы
13 май

Ош шаарында баңгизаттарга каршы комиссия түзүлүп, түшүндүрүү иштери күчөтүлдү

Ош шаарында жаштар арасында баңгизаттардын, психотроптук жана синтетикалык заттардын мыйзамсыз колдонулушунун алдын алуу максатында 12-майда бир катар иш-чаралар өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ош шаардык мэриясынын буйругу менен атайын комиссия түзүлүп, анын курамына шаардык кызматтардын өкүлдөрү, укук коргоо органдары жана тиешелүү мекемелер киргизилди.

Анын алкагында Ош шаарындагы бир нече дарыканаларга рейд жүргүзүлүп, баңгизаттык жана психотроптук заттардын мыйзамсыз сатылышын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү.

Текшерүү учурунда дарыкана кызматкерлерине мыйзам талаптары эскертилип, катуу көзөмөлгө алынуучу дары-дармектерди сактоо жана сатуу эрежелери боюнча маалымат берилди.