Кыргызстандын жаранына 1,3 млн рублдан ашык эмгек акы карызы төлөнүп берилди
13 май

Кыргызстандын жаранына 1,3 млн рублдан ашык эмгек акы карызы төлөнүп берилди

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын жараны Н.Т.нын эмгек укуктарын коргоого жана эмгек акы боюнча карызын өндүрүп алууга көмөк көрсөттү.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жаранга «СК Моно» ЖЧКсы тарабынан 1 377 000 рубль өлчөмүндөгү эмгек акысы толук көлөмдө төлөнүп берилди.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына укуктук жана консультациялык колдоо көрсөтүү боюнча системалуу иштерди улантууда.